БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстан менен Ливан командаларынын ортосундагы жолдоштук беттешти казакстандык 29 жаштагы Александр Алиев тейлей турганын Футбол федерациясы билдирди.
Оюн 6-октябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20.30да башталат.
Алиевге анын жердештери 29 жаштагы Сергей Васютин менен 30 жаштагы Самат Тергеусизов жардам берет.