БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Өзбекстандын чек ара кызматы Кыргызстандын аймагынан учуп өтүүгө уруксат сурады. Бул тууралуу КРдин Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын тик учагы Сох анклавында жол кырсыгына кабылып оор абалда жаткан аскер кызматкерин алып кетүү үчүн Кыргызстандын аймагын кесип өтүшү керек.
Кыргыз тарап тик учактын өз аба мейкиндигинен буга чейин сүйлөшүлгөн багыт боюнча учуусуна уруксат бергенин кабарлайт.