БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Россиянын президенти Владимир Путин 17-сентябрда Бишкекте эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Бул туурасында президенттин аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков маалымат жыйында билдирди.
16-17-сентябрда Бишкек шаарында КМШнын мааракелик саммити өтөт.
"17-сентябрда күндүн биринчи жарымында Кыргызстан менен Россиянын президенттеринин эки тараптуу жолугушуусу өтөт. Биздин мамлекеттердин ЕАЭБге катышуусу, Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлор талкууланат", — дейт Исаков.
Дагы кандай маселелер талкуулана турганы кийинчерээк билинерин Исаков кошумчалады.