Бишкек — Нарын — Торугарт жолу: канча акча кетти, качан бүтөт?..

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 272-365-чакырымдары учурда бүтө элек. Жолдун ушул тилкесин бүткөрүү үчүн 45,4 миллион доллар бөлүнгөн.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолу үстүбүздөгү жылдын декабрь айында бүткөрүлө тургандыгы пландалып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун жалпы узундугу 539 чакырымды түзүп, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарын байланыштырып турат. Ошондой эле Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытайдын түндүк-түштүгүнөн Кордай пунктуна чейинки (түндүк Казакстан) транзиттик жол болуп эсептелет. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Каракол шаарынын ички жолдорунун курулушу менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Караколдо жолдор менен арыктардын салынышын текшерди
Кыргызстан менен Кытайды байланыштырып турган бул жол каттам Каракум шоссеси аркылуу Пакистан менен Инд океанындагы портторго жол ачат. 

Бишкек — Нарын — Торугарт жолун калыбына келтирип, ишке киргизүү үчүн 427 миллион доллардан ашык каражат жумшалган. Анын негизги бөлүгү 2014-жылы бүткөрүлүп ишке берилген. Ал эми калган 272-чакырымдан 365-чакырымга чейинки жол азырынча бүтө элек. 

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Кылычбек Досумбетовдун айтымында, план боюнча аталган жолдун 272-365-чакырымы үстүбүздөгү жылдын декабрь айында бүткөрүлүүсү пландалып жатат. 

"Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 93 чакырымы оңдолууга тийиш. Андагы курулуш иштерин аткаруу үчүн 2013-жылдын 23-августунда "Копри/Синохидро" кувейт-кытай компаниясы менен 45,4 миллион долларлык келишим түзүлгөн", — деп билдирди Досумбетов. 

Курулуш иштеринин канчасы аткарылып бүттү?

Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмки жылы район борборлорунун жолу 1 млрд. сомго оңдолмой болду
Жолду куруп баштоо буйругу 2013-жылдын декабрь айынан тарта чыккан. Үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрына карата жалпы аткарылчу иштин 68 пайызы же 27,5 миллион долларлык иш аяктады. Тагыраагы, анда жети көпүрө курулуп, 143 суу түтүктөрү орнотулду. Дагы төрт көпүрөнүн курулуш иштери жүрүп жатат. 78 чакырымдык жолдун астыңкы, ал эми 51 чакырымдын үстүңкү катмарына асфальт төшөлүп бүттү. 15 миң 626 парапет даярдалып, аларды участкаларга орнотуу иштери жүрүп жатат. 

Толугу менен качан бүтөт?

Азыркы тапта курулуш иштери жүрүп жаткан жол аймагында 445 жумушчу иштеп жатат. Алардын 97си чет элдик жарандар. Келишим боюнча курулуш иштери толугу менен үстүбүздөгү жылдын декабрь айында бүткөрүлүүсү керек. Ал эми кепилдик мөөнөтү 2017-жылдын декабрь айына чейин белгиленген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0