БИШКЕК,10-сен. —Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда Бишкек — Ош кан жолунун 243-чакырымындагы Жаңы-Жол айыл аймагында Чычкан суусуна түшүп кеткен Mercedes-Benz Sprinter айдоочусунун сөөгү бүгүн саат 9.00дө табылганын ӨКМ билдирди.
Машинаны айдап келе жаткан Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылынын 46 жаштагы жашоочусу кырсык болгон күндөн тарта тынымсыз изделип келген.
Издөө иштерин жалпы жонунан 14 куткаруучу жана маркумдун 8 тууганы жүргүзгөн. Натыйжада айдоочунун сөөгү кырсык болгон жерден алты чакырым алыстыкта табылып, бүгүн түштө туугандарына өткөрүп берилди.