Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюну башталып, адегенде эле кыргыз элинин тарыхын чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок менен коштолду. Бардыгы болуп алты миң киши катышкан ачылыш салтанатын комузчулар, каскадерлор, ыктыярчылар көркүнө чыгарды.
62 мамлекеттен келген миңден ашуун спортчу улуттук спорттун 26 түрү боюнча ат салышты. Чолпон-Атада өткөн мелдештен тышкары, Кырчын жайлоосунда этношаарча уюшулуп, 300гө чукул боз үй тигилди. Кыргызстандыктар менен чет элден келген меймандар кыргыздардын жашоо-тиричилиги менен таанышып эле тим болбостон, улуттук оюндарга катышып көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Ушул кызыктуу окуялардын баарын чет элдик ЖМК менен фотоагенттик өкүлдөрү сүрөткө тартып калышты. Ал эми жалпы Оюндарды чагылдыруу үчүн 35 өлкөнүн 90 басылма жана телеканалдар келген.

Көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи

Түркмөн жигиттер айтылуу ахалтекин күлүктөрү менен

Ачылыш аземиндеги оюн-зоок

Кыргыздын оттон-суудан кайра тартпаган каскадерлору

Меймандардын оозун кичинекей өнөрпоздор да ачырды. Кырчын

Этношаарчадагы оюн-зоок

Оюн-зооктордун негизин тарыхый окуялар түздү

Намаз учуру

Көчмөндөр жана техника

Көрүүчүлөр

Кан дүргүткөн көк бөрү

Россия менен Кытайдын улакчылары

Кырчындагы оюн-зоок көпкө чейин эстен кетпейт

Ал эми кимдир бирөө үчүн бул күнүмдүк жашоо

Эркин элдин эркин кушу
