00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Какой может быть трансформация ОДКБ: расширение состава или полномочий?
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандагы туроператорлор: туруктуу туризм, тармактын өсүшү жана лицензиялоо маселеси качан чечилет?
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
О вкладе российских ученых в изучение эпоса «Манас»
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
2030-жылга чейин кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү: негизги багыттар жана максаттар
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Тамак-аш коопсуздугу камсыздалат — ЕАЭБдин техрегламенттери кандай иштеп жатат?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын санынын көбөйүшү: себептери жана медициналык каражаттар
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Финансовая безопасность со школы: в КР учат подростков распознавать мошенничество и защищать свои деньги
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От первых депутатов до восьмого созыва: как менялся парламент Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Вода, уголь или уран: на что делает ставку КР в борьбе за энергонезависимостью?
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын санынын көбөйүшү: себептери жана медициналык каражаттар
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кытай элчилигиндеги жардыруу: террорчулук боюнча издөөгө алынган жаран үн катты

© AP Photo / UncreditedКытай элчилигиндеги жардыруу
Кытай элчилигиндеги жардыруу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги Кытай элчилигинде жардырууга тиешеси бар деген шек менен төрт киши Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан издөөгө алынган. Алардын бирөө — Мубарак Турганбаев.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинде жардыруу уюштурган деген кине менен УКМК тарабынан издөөгө алынган Мубарак Турганбаев өзүнүн күнөөсүз экенин айтып жатат. Ал мындай пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады.

Бишкек шаарындагы Кытай элчилигинин дарбазасын сүзүп, теракт жасаган автоунаа Mitsubishi Delica. Видеодон алынган стоп-кадр. - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Бишкектеги Кытай элчилигинде жардыруу уюштургандар аныкталды
Белгилей кетсек, КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Бишкектеги Кытай элчилигинде жардыруу жасагандарга тийиштиги бар деген кине менен бир нече кишиге издөө жарыялап, айрымдарын камакка алган. УКМКнын берген маалыматы боюнча Кытай элчилигиндеги жардырууну Тажикстандын жараны жасаган.

Турганбаев Түркияга 2005-жылы келип, Стамбул университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаганын айтат. Кийин бул жакта иштеп калып, төрт жылдан бери карго фирмасында иштерин белгилеп, алардын фирмасы жүк менен кошо акчаларды да которуп келгенин кошумчалады.

"Ушул жылы 1-июлда бул жакта ресторан иштеткен жалал-абаддык Бурхан деген киши 5000 долларды Искендер деген балага жөнөткөн. Бул киши буга чейин деле акча салып жүрчү. Кыргызстандан биздин фирманын Рома аттуу кызматкери Искендер деген кишиге Бишкектен акчаны берген экен. Рома анын паспортун карап-карабагандыгы тууралуу так маалыматым жок", — дейт Турганбаев.

Ал ошондой эле алардын фирмасынын Оштогу башчысы менен бухгалтери азыр камакка алынып сурак берип жатканын билдирди.

"Мен окуяны уккандан кийин Стамбулдагы консулга барып жолугуп, бардыгын түшүндүрүп бердим. Ал аны Кыргызстандагы тергөөчүгө жиберди. Мындай окуя болгон соң мага акча берген Бурханга чалып, Искендер деген ким деп сурадым. Ал дагы аны тааныбай турганын, акчаны ага башкалар бергенин билдирди. Бирок мен тактап бериңиз дегенде ага акчаны Стамбулда жашаган Бахтияр деген өзбекстандык бала бергенин айтты", — деди ал.

Кытай элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай элчилигиндеги терактыдан жабыркагандар ооруканадан чыкты
Турганбаев азыр адвокат жалдап, эмне үчүн мындай маалыматтардын чыгып кеткенин билейин деп жатканын белгиледи. Ага издөө салгыдай качып кетпегенин айтып, эгер аны суракка чакырса бармактыгын белгиледи.

Ал эми УКМК учурда тергөө амалдары жүрүп жаткандыктан тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымат бербей турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0