Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

© AFP / LUIS RUEDAСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Силкинүүнүн күчү Кыргызстандын аймагындагы Бар-Дөбө айылында 3 балл, Кара-Киндик айылында 2,5 балл болуп сезилген.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирегенин Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 17:07де болуп, очогу Нура айылынан түштүк чыгышты карай 42 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Силкинүүнүн күчү Кыргызстандын аймагындагы Бар-Дөбө айылында 3 балл, Кара-Киндик айылында 2,5 балл болуп сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0