БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык террордук уюмдун мүчөсү делинген 39 жаштагы кишини аныктаган. Атайын операция учурунда ал УКМКнын кызматкерлерине ок чыгарып, каршылык көрсөткөндүктөн жок кылынган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, окуя 29-августта болгон.
Тинтүү учурунда анын жанынан "Сайга" үлгүсүндөгү мылтык, колго жасалган жарылуучу зат жана ок-дарылар алынган.
Учурда УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, тийиштүү тергөө амалдары жүрүүдө.