КЫРЧЫН, 4-сен. — Sputnik. Кырчын жайлоосунда "Көчмөндөр ааламы" фестивалы башталды. Аталган фестивалдын алкагында көчмөндөрдүн маданияты, тарыхы чагылдырылган оюн-зоок болот.
Эске сала кетсек, учурда Кырчын жайлоосунда "Кыргыз айылы" этно шаарчасы тигилип, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уланууда. Аталган иш-чара 8-сентябрга чейин уланат.
Этно шаарчада 288 боз үй тигилген.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.