Афганистанда автобус менен автоцистерна кагышып 50 кишинин өмүрүн алды

© AP Photo / Rahmat GulАфганистандын тез жардам кызматы. Архив
Афганистандын тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Забуль провинциясындагы Кабул — Кандагар кан жолунда болгон.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Афганистандын түштүгүндө катталган ири жол кырсыгынан 50 киши каза болгонун РИА Новости агенттиги TOLO News телеканалына шилтеме берүү менен билдирди. 

Khaama Press агенттиги маалымдагандай Кабул — Кандагар кан жолунда автобус менен автоцистерна кагышкан.

Алгач жол кырсыгынан 36 кишинин каза болгону кабарланган. Бирок каза болгондордун саны 50 кишиге чейин көбөйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0