Каримовдун сөөгү бүгүн эртең менен Ташкенттен Самаркандга алып келинген. Ата-энесинин үйүндө өлүк каадасы жасалып, Регистан аянтында жаназасы окулду. Андан соң Шахи-Зинда көрүстөнүнө алып келинип, ата-энесинин жанына коюлду. Каримовдун мүрзөсү XIX кылымдагы Хазрет-Хизр мечитинин жанында жайгашкан.
Президенттин табытын шаардык аянттан көрүстөнгө чейин туугандары менен жакындары көтөрүп келишти. Ал эми акыркы сапарга узатууга миңдеген адам катышып, зыйнатка 17 өлкөнүн бийлик жетекчилери катышты.

Ажосунан айрылган азалуу самарканддыктар

Өзбекстан эл уулунан, эл башынан айрылды. Ала топу кийген өзбектин бир уулу дүйнө салды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жетектеген делегация Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн Самаркандга келгендердин тобунда бара жатат

Эл башы менен коштошууга миңдеген эл келди. Ислам Каримовдун колдон колго өткөн табыты акыркы жайга багыт алды

Журт атасынан айрылганына ишенгиси келбеген самарканддыктар

Өзбек лидерин акыркы сапарга узатуу зыйнатына 17 өлкөнүн делегациясы келди

Өзбекстандын Дин иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Усмонхон Алимов Ислам Каримовдун жаназасын окуду

Акыркы 20 жыл ичинде Шахи-Зиндага эч кимди койгон эмес, бирок, Өзбекстандын туңгуч президенти үчүн орун табылды

Ак гүлдөр. Ошентип, акыркы жайды Ислам Каримов ушул жерден тапты. Анын ата-энесинин жанынына коюлду деп айтышты. Коштошуу зыйнатына Түркмөнстандын, Тажикстандын жана Афганистандын президенттери да келди

Өзбекстан үч күн аза күтөт

Премьер-министр Жээнбеков өзбек лидери Каримовду акыркы жайга узатып жатканда эскерүү сөзүн айтты

Каримовдун дүйнө салгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана өзбек элине Кыргызстандын атынан көңүл айтылды
