БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Ош – Бишкек жолуна түшкөн жер көчкү тазаланып, жол ачылганын ӨКМ билдирди.
Белгилей кетсек бүгүн түштөн кийин Ош — Бишкек кан жолунун 640-650 чакырымдарында жер көчкү жүргөн.
Маалыматка ылайык, жер көчкү саат 17:20да тазаланып, жол толук ачылган. Ошондой эле жол кыймылы дагы жөнгө салынды.