Өлкөдө жыл башынан бери 100гө чукул адам сууга агып каза болгон

© AFP / MARWAN NAAMANI Детская обувь в воде
Детская обувь в воде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында 9 жаштагы кыз Кара-Суу суусуна түшүп каза болду. Мындан улам Sputnik Кыргызстан өлкө аймагында сууга агып же чөгүп өлгөн адамдардын санын иликтеп көрдү.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жыл башынан бери жалпы республика боюнча 96 адам сууга чөгүп же агып каза болгонунун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, суудан көз жумгандардын ичинен 53ү — эркек, 13ү — аял, 30у — жаш бала. Ал эми облус боюнча январдан 23-августка чейинки убакытты алсак, тизме төмөнкүдөй:

  • Чүй облусу — 37 адам каза болгон. 27си — эркек, төртөө — аял, алтоо — жаш бала;
  • Ош облусу — 14 адам. Алты — эркек, үч аял, беш жаш бала;
  • Ош шаары — 10 адам. Бир эркек, бир аял, сегиз бала;
  • Бишкек шаары — 8 адам. Беш эркек, бир аял, эки жаш бала;
  • Жалал-Абад облусу — 8 адам. Алты эркек, бир аял, бир жаш бала; 
  • Ысык-Көл облусу — 7 адам. Үч эркек, бир аял, үч жаш бала; 
  • Талас облусу — 5 адам. Үч эркек, бир аял, бир жаш бала; 
  • Нарын облусу — 5 адам. Бир эркек, бир аял, үч жаш бала болсо, 
  • Баткен облусу — 2 адам. Бир аял, бир жаш бала. 

Ал эми 2015-жылы республика боюнча жалпысынан 120 адам сууга агып же чөгүп каза болсо, анын 84ү — эркек, 9у — аял, 27си — жаш бала болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0