БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстанда дипломатиялык миссиясы аяктаган Кытайдын элчиси Ци Даюну тышкы иштери министри Эрлан Абдылдаев кабыл алды. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Абдылдаев элчинин кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгилеп, министрликтин Ардак грамотасын тапшырды.
Өз кезегинде Ци Даю элчилик милдетин аркалоодо көрсөтүлгөн көмөк жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.