БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бейшембиде Кыргызстан боюнча аптаптуу аба ырайы сактала турганын Кыргызгидромет билдирди.
Бишкек шаарында жаан-чачындын ыктымалдыгы аз. Абанын түнкү температурасы 14…16, күндүз 30…32 градуска жетет.
Ал эми Ош шаарында түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус жылуу болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.
Синоптиктер калган аймактарда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөй турганын билдирди.
Кыргызгидромет 25-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сактала турганын эскертти.