БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Түркиянын армиясы коалициянын колдоосу менен Сириянын түндүгүндөгү Жараблус шаарын "Ислам мамлекети" террордук тобунан бошотуу боюнча аскердик операциясын баштады. Бул тууралуу Anadolu агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Жараблустагы аскердик аракеттер түрк чек арасын террористтик топтордон тазалоо жана Сириянын аймактык бүтүндүгүн колдоого багытталган.
"Атка минерлер бул кадам миграциялык жаңы агымдын алдын алуу жана жай тургундарга гуманитардык жардам жеткирүү максатында жасалып жатканын белгилешти", — деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Жараблусту бошотуу боюнча түрк бийлиги керектүү жардамга даяр экенин айткан.