БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Түркмөнстандын өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов Ысык-Көл жээгинде өтө турган Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.
Бердымухамедов президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келет.
Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Бердымухамедов Атамбаев менен жолугуп, өлкө башчылар эки тараптуу мамилелерге байланышкан маселелерди талкууламакчы.