БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Олимпиада оюндарында 23 ирет чемпион аталган Майкл Фелпс карьерасына чекит койгондугун Р-Спорт агенттиги билдирди.
Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарында ишемби күнү 23-ирет алтын тагынган сууда сүзүүчү Майкл Фелпс акыркы ирет жарышка чыкканын, ушуну менен карьерасына чекит койгондугун айтты.
"Мен күчтүү спортчулар менен бир катарга туруп алтын, алтын медаль тагынып карьерамды жыйынтыктап жатканыма кубанып турам. Кыялдарымдын баары орундалды", — деди Фелпс.
АКШнын желеги астында Олимпиадага чыккан спортчу жалпысынан 28 медаль уткан.