Валерия менен жергиликтүү аткаруучулардын концертине болгон билет баасы 500 сомдон 1,5 миң сомго чейин бааланган.
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Росииялык ырчы Валериянын Бишкектеги концертине абдан аз адам келди. Бул тууралуу окурман WhatsApp каналы аркылуу кабарлады.
Буга чейин Валерия менен жергиликтүү аткаруучулардын концертине болгон билет баасы 500 сомдон 1,5 миң сомго чейин экени маалымдалган.
Окурман далил катары "Спартак" стадионунан 18.03 чамасында тартып алган сүрөттөрүн жөнөттү. Ал эми концерттин башталышы 18.00гө белгиленген.
"Көрүүчүлөргө караганда милиция кызматкерлеринин саны көп экен. Концерт баштала элек. Бирок ал жарым саат мурун башталышы керек эле. Канча адам келгенин санай албайм. Себеби жогорку трибунада канча адам отурганын көрө албай жатам. Элдин айтымында, ал жакта дагы көрүүчүлөр аз. Ал эми төмөн жагында 100гө жакын адам отурат", — деп билдирди күбө.
Буга чейин Валерия менен жергиликтүү аткаруучулардын концертине болгон билет баасы 500 сомдон 1,5 миң сомго чейин экени маалымдалган.
Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.