Премьер КМШ башчыларынын саммите карата даярдык тууралуу маалымат алды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алуу учурунда
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМШ өлкө лидерлеринин саммити 16-17-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алгандыгын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушуу учурунда Абдылдаев АКШ да "С5+1" форматында өткөн жыйын тууралуу маалымат берди. 

"ТИМ башчысы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана сентябрь айында өтө турган КМШ президенттеринин саммитине карата даярдыктар тууралуу айтып берди", — деп айтылат маалыматта. 

Өз кезегинде өкмөт башчы эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды талаптагыдай өткөрүү тапшырмасын берди. 

КМШ өлкө лидерлеринин саммити 16-17-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0