БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Эртең, 4-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Бишкекте күндүз 33 градус болсо, Ош шаарында күн 34 градуска чейин ысыйт.
Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында ысык 35 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысык-Көлдө 26 градус, Нарын облусунда 27 градус ысык болот.