БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 268-чакырымындагы болгон жол кырсыктан Audi-100 үлгүсүндөгү машина менен Чычкан суусуна агып кеткен 18 жаштагы баланын сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 23-июлда саат 05:00 чамасында катталган. Анда Toyota ВЕЕТ унаасы менен Audi-100 үлгүсүндөгү машина кагышкан. Мындан улам Audi-100 сууга түшүп, ичиндеги 22 жана 18 жаштагы эки жүргүнчү чөгүп, анын биринин сөөгү табылган болчу.
Издөө иштерин 8 куткаруучу жүргүзүп, маркумду 2-августта саат 16:18де табышкан.