БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Кыргызстандын атынан күрөш боюнча катыша турган балбандар белгилүү болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Улуттук курамага жети спортчу тандалып алынган.
"Бишкек шаарында өткөн күрөш боюнча өлкө биринчилигинин жыйынтыгы боюнча жети балбан тандалды. Алар ар кыл салмакта намысты коргошот", — деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, Бекзат Тынчтыбек уулу, Сымбатбек Алымбеков, Зиямидин Садыбеков, Тариел Усенов, Бектурган Кожомуратов, Нурбек Кожобеков жана Бекболсун Кушубаковдор башкы машыктыруучу Майрамбек Атабековдун алдында күч сынашат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.