БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда жол кырсыгы катталып, Audi-100 үлгүсүндөгү унаа сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-июль күнү аталган кан жолдун 258-чакырымында Toyota ВЕЕТ унаасы менен Audi-100 үлгүсүндөгү машина кагышкан. Мындан улам Audi-100 сууга түшүп, ичиндеги 22 жана 18 жаштагы эки жүргүнчү чөгүп кеткен.
Ошол эле күнү 22 жаштагы Мунарбек кызы Айжандын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүп берилген.
Ал эми 18 жаштагы Асан уулу Кубанычбекти издөө иштери улантылууда.