00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:09
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Спортбокс
Кыргызстандын жаштар курамасы Азия кубогунун тандап алуу оюндарын өткөрөт — футболчулардын даярдыгы кандай?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему мировая культура не сможет обойтись без русской литературы
18:11
40 мин
On air
18:56
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алматы хроникасы: курал саткан дүкөндөр жабылып, банктар ишин токтотту

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКурал саткан дүкөн. Архив
Курал саткан дүкөн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул окуядан кийин кыргыз-казак чек ара көзөмөл өткөрүү жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп баштады.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Алматы шаарындагы Алмалы райондук милиция менен көчөдөгү эки полиция кызматкерине болгон кол салуудан кийин, калаадагы курал саткан дүкөндөр жабылып, банктар ишин токтотту. Бул туурасында Новости-Казакстан маалымат агенттиги кабарлады.

Алматынын борборундагы атышуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алматыдагы кол салуудан полициянын 3 кызматкери жана бир жаран каза болду
Кол салуу окуясынан улам бүгүн түшкө чукул Алматыда террордук кооптуулуктун кызыл деңгээли киргизилди. Ал Алмалы Ички иштер бөлүмүнө, Улуттук коопсуздук боюнча Департаментке кол салуу болуп, кеминде бир полиция кызматкери өлтүрүлгөндөн кийин жарыяланган.

Өлкөдөгү Казкоммерцбанк Алматыдагы ишин убактылуу токтоткондугун шаарга террорчулуктун кызыл деңгээли киргизилгендиги менен түшүндүрдү. Анткен менен банк калаа боюнча Аль-Фараби, 34А дарегиндеги бөлүмүн жапкан эмес.

Ишин убактылуу токтоткондордун катарына Алматадыга курал-жарак саткан дүкөндөр да кирди. Бул туурасында Казакстанда кызматтык жана жарандык куралдар боюнча иш алып барган ишканалардын "Корамсак" деп аталган ассоциясынын өкүлү Сергей Катнов кабарлады.

"Алматыдагы курал-жарак саткан дүкөндөр бири калбай жабылып, сыртынан катуу көзөмөлгө алынды", — деп билдирди ал.

Алматыдагы окуядан улам Казакстан ИИМинин берген маалыматына караганда, полициянын үч кызматкери курман болуп, бир жай жаран каза тапты. Ооруканага беш киши жеткирилген.

Эл аралык Манас аэропортунун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек-Алматы аба каттамы токтогон жок
Окуянын хронологиясына көз чаптырсак, саат эртең мененки 11лерде кылмышкер автоунаасын минип кетип, аны менен Алмалы райондук милициясына кириш үчүн алгач, жай жаранга кол салган. Ал жерден нөөмөттө турган аскерди өлтүрүп, автоматын уурдай качкан. Анын артынан кууган полициянын кайгуул кызматынын эки кызматкерине ок жаңылган. Шектүү киши кийинчерээк кармалып, экинчиси качып кеткенге үлгүргөн. Ал эми күч түзүмдөрү "перехват" планын жарыялаган. 

Бул окуядан кийин кыргыз-казак чек ара көзөмөл өткөрүү жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп баштады.

Алматы шаарынын борборунда болгон атышуунун кесепеттерин Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0