БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Алматы шаарынын борборунда болгон кол салуудан полициянын үч кызматкери жана бир жаран каза болду. Бул туурасында Казакстандын ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргенин Новости-Казакстан агенттиги жазды.
Ага ылайык, кол салган киши 18-июлда саат 11:00дөр чамасында Алмалы райондук милиция бөлүмүн басып алуу аракети учурунда күзөттө турган полицияны жарадар кылып, анын автоматын алып из жашырган.
"Кылмышкердин артынан кууган учурунда ал тартып алган куралдан ок чыгарган, анын кесепетинен "Буран" полициясынын эк кызматкерине ок тийген", — деп айтылат билдирүүдө.
Кылмышкер качып жөнөп, жай тургундун машинасын тартып алып жатканда ок жаңылып, ээси ошол жерден каза болгон. Атышуудан мындан сырткары полициянын үч кызматкери курман болгондугу Казакстандын ИИМи тараткан билдирүүдө кабарланган.