БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын чет жакасындагы Садовое, Восток, ГЭС айылдарында, Чоң Чүй каналы жакта жана Жогорку Ат-Башы каналы жакта 14-июлдан 22-июлга чейин газ өчүрүлөт. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Бул оңдоо иштерине байланыштуу болуп жатканын аталган мекемеден кошумчалашты.
Андан сырткары 14-15-июлда Калык Акиев көчөсүндөгү №100, 102-үйдө жана Абдумомунов көчөсүндөгү 309-үйдө газ болбойт.
Ал эми 18-19-июлда Москва, Киев, Тыныстанов жана Эркиндик бульварынын төрт бурчтунда да газ өчөт. Ушул эле күндөрү №7 кичи райондогу №15/3 үйдө газ өчөт.
19-20-июлда 7-кичи райондогу№53/2 үйдө, 20-21-июлда "Жалал-Абад" чайханасында газ болбойт.