БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргызстандык гимнаст кыздар Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Достык-2016" турниринде алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Гимнастика федерациясы билдирди.
Мелдеш июндун аягында өтүп, ага 2007-2008-жылдары төрөлгөн секелектер катышты. Спортчулар Кыргызстандан, Россия, Өзбекстан жана Казакстандын ар бурчунан чогулушкан.
Кыргызстандык команданын курамындагы Вилена Маматисаева, Ангелина Корчма, Карина Шумаева жана Азил Илимова үчүн бул дебюттук мелдеш болду.