00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:09
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Улуттук университеттин айрым окутуучулары ректораттын отставкасын талап кылышты

© Sputnik / Данияр СандыбаевУлуттук университеттин айрым окутуучулары ректораттын отставкасын талап кылышты
Улуттук университеттин айрым окутуучулары ректораттын отставкасын талап кылышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз улуттук университетинин жанына митингге чогулган мугалимдер "адилетсиз кадрдык саясатка" нааразы болушту. Ал эми ЖОЖдон буга комментарий беришти.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин имаратынын алдына чогулган мугалимдер ректораттын, андан тышкары Физиканы окутуу технологиясы кафедрасынын жетекчиси Эсенбек Мамбетакуновдун отставкасын талап кылышты. 

© Sputnik / Данияр СандыбаевЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин имаратынын алдына чогулган мугалимдер ректораттын, андан тышкары Физиканы окутуу технологиясы кафедрасынын жетекчиси Эсенбек Мамбетакуновдун отставкасын талап кылышты
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин имаратынын алдына чогулган мугалимдер ректораттын, андан тышкары Физиканы окутуу технологиясы кафедрасынын жетекчиси Эсенбек Мамбетакуновдун отставкасын талап кылышты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин имаратынын алдына чогулган мугалимдер ректораттын, андан тышкары Физиканы окутуу технологиясы кафедрасынын жетекчиси Эсенбек Мамбетакуновдун отставкасын талап кылышты
© Sputnik / Данияр СандыбаевАкцияга катышкандардын бири, аталган кафедранын улук окутуучусу Гүлмира Төлбаева "адилетсиз кадрдык саясатка" нааразы болуп жаткандыктарын билдирди
Акцияга катышкандардын бири, аталган кафедранын улук окутуучусу Гүлмира Төлбаева адилетсиз кадрдык саясатка нааразы болуп жаткандыктарын билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/3
Акцияга катышкандардын бири, аталган кафедранын улук окутуучусу Гүлмира Төлбаева "адилетсиз кадрдык саясатка" нааразы болуп жаткандыктарын билдирди
© Sputnik / Данияр СандыбаевАл ЖОЖдун бөлүмдөрүнүн жетекчилерин шайлоого катыштырбоо үчүн "керексиздерди тазалоо" жүрүп жатат деген пикирин айтты.
Ал ЖОЖдун бөлүмдөрүнүн жетекчилерин шайлоого катыштырбоо үчүн керексиздерди тазалоо жүрүп жатат деген пикирин айтты. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ал ЖОЖдун бөлүмдөрүнүн жетекчилерин шайлоого катыштырбоо үчүн "керексиздерди тазалоо" жүрүп жатат деген пикирин айтты.
1/3
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин имаратынын алдына чогулган мугалимдер ректораттын, андан тышкары Физиканы окутуу технологиясы кафедрасынын жетекчиси Эсенбек Мамбетакуновдун отставкасын талап кылышты
2/3
Акцияга катышкандардын бири, аталган кафедранын улук окутуучусу Гүлмира Төлбаева "адилетсиз кадрдык саясатка" нааразы болуп жаткандыктарын билдирди
3/3
Ал ЖОЖдун бөлүмдөрүнүн жетекчилерин шайлоого катыштырбоо үчүн "керексиздерди тазалоо" жүрүп жатат деген пикирин айтты.

Акцияга катышкандардын бири, аталган кафедранын улук окутуучусу Гүлмира Төлбаева "адилетсиз кадрдык саясатка" нааразы болуп жаткандыктарын билдирди. Ал ЖОЖдун бөлүмдөрүнүн жетекчилерин шайлоого катыштырбоо үчүн "керексиздерди тазалоо" жүрүп жатат деген пикирин айтты. 

"Кафедра жетекчиси Эсенбек Мамбетакунов штаттык жүгүртмөгө төрт улук окутуучуну киргизген жок. Эмне үчүн деген суроого ал штаттык жүгүртмөнү ректорат түзгөндүгүн айткан. Негизи бул ишти кафедра жетекчиси декан менен бирдикте жасашы керек эле. Ал мүмкүнчүлүккө жараша окутуу сааттарын берүүнү убада кылып, алдамчылык жол менен бизди конкурска катыштырбай койду", — деди Төлбаева. 

Аталган университеттин коомчулук менен байланыш боюнча координатору Жолдошбек Бузурманкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине митингге чыккандар иште калуу жана шайлоо комиссиясынын ишин жокко чыгарууга ниет кылып жаткандыгын айтып берди. 

"Сырттан окуу бөлүмүнүн жабылгандыгына байланыштуу учурда окутуучулук курамды жакшыртуу жүрүп жатат", — деди Бузурманкулов. 

Анын айтымында, учурда окутуучулардын ишке татыктуу экендигин текшерген тандоо комиссиясынан өтүп, кафедра жетекчилери менен комиссия тарабынан талапка жооп берген педагогдор калтырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0