Албетте, талаадагы 22 оюнчу беттештин баш каарманы деңизчи, анткен менен оюндарды көз күйдүргөн күйөрман кыздарсыз элестетүү мүмкүн эмес. Өзгөчө Евро-2016ны. Дал ошол селкилер турнирдин көркүн ачып келишет.
Бул ирет да футбол фанаттары четте калбай, адатынча өз командаларына жан үрөп турушту.
Евро-2016дагы ажарлуу күйөрман кыздардын сүрөттөрүн төмөнкү түрмөктөн көрө аласыздар.

Албания курамасынын чырайлуу күйөрман кыздары. Эгерде Албанияга ийгилик жылмайып, кийинки турга өтсө бул суулууларды кайрадан кезиктирүүгө болот

Бул селки кайсыл командага жан тартарын таап көрүңүзчү? Ооба, туура таптыңыз. Франция курамасы үчүн күйөрмандык кылат

Ал эми бул кымча бел кызды биз кайра көрө албайбыз. Анткени ал жан үрөгөн Россия тайпадан чыкпай, үйүнө кайтууга аргасыз болду

Португалия үчүн жан аябай күйөрмандык кылып жаткан бул кыз Криштиану Роналдунун жеке күйөрманы болушу мүмкүн

Операторлордун көз жаздымында Польшанын күйөрман кызы да калган эмес

Венгриянын сулуулары чыныгы патриоттор экенин далилдеп желек түсүнө кийинип алышкан. Сизге жактыбы? Мага дагы

Англиянын ай чырайы өзгөчөлөнүп желекти жүзүнө тартып алган

Бул сүрөт түрмөгү Испаниянын күндөй көрктүү күйөрмандарысыз "ширин" болмок эмес

Италия сулуусу өз сүйүүсүн көрсөтүп турган чагы

Швейцариянын күйөрман кызы командасы үчүн кубанып турган учуру. Албетте, Швейцария кийинки турга өтпөдүбү

Гол жаралгандагы кубаныч. Германиянын күйөрман кызы кубанып жаткан мезгили

Хорватия бул турнирде жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келүүдө. Албетте, ай жүздүү сулуулары менен
