БИШКЕК, 11-июн — Sputnik. Франциянын футбол боюнча курама командасы Европа чемпионатынын алгачкы беттешүүсүндө Румыниянын командасын утуп алды.
Оюн Парижде "Сен Дени" ("Стад де Франс") стадионунда өттү. Беттешүүнүн башталышында чемпионаттын расмий ачылыш салтанаты болуп өттү. Француз музыканты Дэвид Гетта биринчиликтин расмий гимнин аткарды.
Биринчи таймда эсеп ачылган жок. Алгачкы голду 58-мүнөттө франциялык команданын чабуулчусу Оливье Жиру киргизди. Бирок жети мүнөттөн кийин Румыния жооп кайтарып, Богдан Станку пенальтиден гол тепти. Ал эми жеңиш алып келген топту француз футболчусу Димитри Пайе киргизди.
Француздар үч упай менен А тайпасынын турнирдин таблицасында биринчи сапты ээлешти. Румыниялыктар менен француздардын атаандаштары болгон Швейцария менен Албаниянын беттешүүсү 11-июнга белгиленген.
Евро-2016 10-июлга чейин Франциянын он шаарында өтөт.