БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов менен Жанар Акаев "Билим берүү" боюнча мыйзам долбоорго өзгөртүү киргизип, окуу жайга төлөнүүчү каражатты сом менен ишке ашырууну сунушташты.
8-июнда өткөн пленардык жыйында демилгечилер мыйзам долбоордун негизги максаты Кыргызстандын экономикасын доллардан арылтуу экенин билдиришти.
"Билим берүү мекемелеринин иш аракети жалаң сом менен жүргүзүлө турган болсо элге жеңилирээк болмок", — деп айтылат мыйзам долбоордо.
Депутат Дастан Бекешов экономикалык кризис маалында ашыкча чыгым болбостон сом менен төлөм жүргүзүү жарандар үчүн ыңгайлуу экенин кошумчалады.