БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Саламат Эргешов Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Кабыл Макешов билдирди.
Улуттук олимпиада комитетин буга чейин Канат Аманкулов жетектеп келген. Эргешовдун талапкерлиги Эл аралык олимпида комитети тарабынан жактырылды.
Ал олимпиадалык комитте 2006-жылдан бери иштеп келет.
Ал эми Аманкулов Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп дайындалды.