Бейшемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. 9-июнда Кыргызстандын аймагында жаан жаабайт, күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарында күн 35 градуска чейин ысыса, Ош шаарында 36 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми 11-июнда күндүз айрым жерлерде күн күркүрөп, өткүн өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0