БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. "Жаш канат" бийчилер тобу Казакстандын Алматы шаарында өткөн XVIII эл аралык "Бозторгай-2016" сынагынын баш байгесин жеңип алды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, сынакка Казакстандын булуң-бурчунан, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден 1500 таланттуу балдар келген. Алардын өнөрүн Роза Рымбаева баштаган улуу таланттардан турган калыстар тобу баалады.
"Жаш канат" тобу "Майрам шаңы" кыргыз элдик бийин жана индиялыктардын "Кара пил" аттуу бийлерин аткарып, жогорку баага татышты.