БИШКЕК, 1-июнь — Sputnik. Чоң-Алай районунда эски мечиттердин ордуна 200 орунга ылайыкташкан заманбап мечиттер пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Мечиттердин ачылышында Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов катышты.
Мечиттердин ачылышына келген жергиликтүү эл, облустук казыяттын өкүлдөрүнө Абдышүкүр ажы Нарматов баян курду.