БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Кадамжайдагы табият кырсыгынан жабыркагандар менен жеринен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.
© Фото / пресс-служба МЧС КРКубатбек Боронов Кадамжайдагы селден жабыр тарткан жайда
Кубатбек Боронов Кадамжайдагы селден жабыр тарткан жайда
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-май күнү Жийделик участкасында тынбай жаан жаап катуу, сел жүргөн. Анын кесепетинен 11 унааны суу агызып, бир машина сайга кулап кеткен. Ичиндеги төрт чоң киши жана эки жаштагы бала каза болгон. Дагы бир алты жаштагы баланы куткаруучулар сактап калууга үлгүргөн. Ал эми сел агызып кеткен унаа ичинде дагы бир үч жашар бала болгону айтылып, куткаруучулар издөө иштерин улантууда.
Президент Алмазбек Атамбаев селден каза болгондордун үй-бүлөсүнө 100 миң сомдон бөлүп берди.
Окуя болгон жерге өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков барган.