БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кечээ беш кишинин өмүрүн алып сел жүргөн Баткен облусунун Кадамжай районуна жөнөп кетти. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы сел кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү иштеринин жүрүшү менен таанышат, ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугат.
"Жаратылыш кырсыгынан курман болгондордун үй-бүлөсүнө өкмөттүн резервдик фондунан материалдык көмөк көрсөтүлөт",— деп билдирди маалымат кызматы.
Кечээ, 27-майда Ош — Айдаркен унаа жолунун 125-чакырымында суу Honda CR-V унаасын агызып кеткен. Анын ичинде алты адам болгон. Куткаруучулар бир баланы сактап калууга үлгүрүшкөн.