БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын жаңы орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта Болотбек Сүйүнбаев УКМКнын төрагасынын орун басары, ал эми Дүйшенбек Чоткараев биринчи орун басары болуп дайындалгандыгы айтылган.
Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев 20-майда кол койду.

