БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана коммуникация министрлигине Бишкек — Ош унаа жолун реконструкциялоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган жолдун абалын текшерип чыккан.
"Министрлик алдына биринчи этапта жолдун 142-155-чакырымын, жалпы жонунан беш чакырымдык тилкени биринчи кезекте оңдоп чыгуу милдеттемеси коюлду", — деп айтылат билдирүүдө.
Транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров учурда Бишкек — Ош жолун калыбына келтирүү боюнча программа даярдалып жатканын, жакын арада аны ишке ашыруу аракеттери башталарын айтып берди.