БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстандык мушкерлер Жаштардын Азия чемпионатында үч медаль утушту. Бул тууралуу Бокс боюнча Азия конфедерациясынын Facebook социалдык тармагындагы баракчасында маалымдалды.
Континенталдык мелдеш Казакстандын Павлодар шаарында өттү.
Кыргызстандык мушкер Нурсултан Маматалы уулу 56 килограмм салмакка чейинки категорияда финалдык беттешке чыкканы менен казакстандык атаандашы Серик Темиржановго утулуп, күмүш медалга татыды.
Дагы эки мушкер Сыргак Жансеитов (49 кг. салмакка чейин) менен Айбек Акылбек уулу (69 кг. салмакка чейин) жарым финалдык оюндарда утулуп калып, коло байгеге ээ болушту.