Ош — Эркештам автожолу селден тазаланды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЭкскаватор. Архив
Экскаватор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерде үч жүктөгүч жана бир грейдер иштеген.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда 6-майда саат 05:00 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ош — Эркештам автожолун (42-43-чакырымы) сел тосуп калган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Анын кесепетинен 60-100 автоунаа жолдун эки тарабына токтоп калган. Унаа жол убактылуу жабылган. Жолду тазалоо иштерине Жарандык коргонуунун Транспорт кызматы ишканасы тарабынан үч жүктөгүч жана бир грейдер тартылып, саат 08:55 чамасында жол толугу менен ачылган.

Учурда жол каттамы кадимки режимде иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0