БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Баткендин Кызыл-Кыя шаарында белгисиз аял эч бир себеби жок милиция кызматкерине бычак мен кол салганы тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-майда саат 16.00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын биринчи кичирайонунда жайгашкан нөөмөт бөлүмүнө түшкөн коңгуроо боюнча, милиция кызматкери №2/25 үйгө кызматтык милдетин аткарууга барган.
Анда чакырган үйдүн ээсинен окуянын чоо-жайын тактап жаткан маалда белгисиз аял чуркап келип бычак менен саюуга аракет жасап, милиционердин погонун жулуп алган.
Аталган иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 341-беренесинин (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) негизинде кылмыш иши козголуп кол салган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал мас абалында болгону аныкталды.