БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Эртең борбор калаада күн күркүрөп, өткүн өтөрүн Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +8…+10 градус жылуу болсо, күндүз аба ырайы +22…+24 градуска чейин көтөрүлөт.
Ал эми өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, тоолуу аймактардын жолдору тоңголок, тайгак болот.