БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов байкерлердин мотожүрүшү маалында квадроцикл айдап өттү.
Ишемби күнү борбор калаадагы Жеңиш аянтынын жанында быйылкы мото сезондун ачылышы өтүп, ага Россия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 100дөн ашуун байкерлер катышты.
Иш-чараны Кыргызстандын мотоциклчилеринин коомчулугу уюштурду. Жыл сайын өтүп келген жүрүш эки дөңгөлөктүү унаалар үчүн жол коопсуздугун камсыздоону жана аталган спорттун түрүн жайылтууну көздөйт.