БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук тобу сириялык аскер учагынын пилотун туткунга алганын айтышты. Бул туурасында РИА Новости Sky News Arabia телеканалына шилтеме кылып билдирди.
Буга чейин сириялык элдик кошуундун мүчөлөрү РИА Новостиге Чыгыш Дамасктагы Дмейр аэродромунан бешинчи күнү учуп чыккан МиГ-23 согушкерлер көзөмөлгө алган аймакка кулап түштү деп билдиришкен.
Булак мындан сырткары МиГ техникалык кемчиликтерден улам түшүшү мүмкүн деп кошумчалады.