Буга чейин айрым кылмышка шектүүлөр сырттан келип шаар аймагында түнөгөн учурлар катталып, мейманканаларда жашынып жаткан кылмышкерлер кармалган.
Жергиликтүү тургундар да мейманканалардан улам балдарынан уялганын айтышат. Өзүн Айчүрөк Маматова деп тааныштырган жаран бул жакка улуу-кичүү дебей келерин билдирди.
"Бир кызды төртөө ээрчитип кирип жатат. Калпагы бар аксакалдар келип жатат. Шаардын чекесинен кемпирлерге чейин келүүдө", — деп кейиди.
Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мелис Шералиев акыркы убакта шаарда катталган кылмыш иштеринин көбү сырттан келгендер тарабынан жасалып жаткандыктан ушул рейд уюштурулганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
"Жыл башында Оштон адам өлтүрүп келген террорчулар кармалган. Март айында Талас облусунун үч тургуну шаардагы мейманканаларда жатып Сузактан, Ноокенден жана Жалал-Абад шаарынан жалпысынан тогуз кылмыш жасашкан. Ошондуктан кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча "Мейман" операциясын жасоону туура тапканбыз", — деди ал.
Аталган рейддин жыйынтыгында майда зомбулук жасаганы үчүн үч киши, ким экенин тактоо үчүн тогуз киши кармалган. Андан сырткары, жол эрежесин бузгандыгы боюнча 27 протокол түзүлүп, мас абалында машина айдаган бир киши кармалды. Ошондой эле мурда катталган бир кылмыштын бети ачылып, мас абалында жүргөн жети киши аныкталган.