Мелдеш учкучтар арасында өтүп, анда экипаждын мыкты командири, мыкты учкуч штурманы жана Ми-8МТВ учагынын мыкты борт-механиги аныкталды.
Жарыштын жүрүшүндө беш экипаж абада чалгын жүргүзүү боюнча жарышып, ар кыл көнүгүүлөрдү жасашты.
Авиажарыш жергебизде биринчи ирет өтүп жатат. Ал 18-апрелден 29-апрелге чейин болот. Иш-чаранын максаты учкучтардын тажрыйбасын арттырууга багытталат.

Тик учак учууга камданып жатат

Учкучтар белги күтүп жаткан учуру

Учууга буйрук берилди. Учкучтар учууга камданууда

"Аскер шумкарлары" мелдешиндеги тик учак жерден көтөрүлдү

Калыстар ар бир көнүүгүнү көз жаздымда калтырган жок

Учкучтар тик учакты кылдаттык менен байкап турушат

Асманга учуу жана көнүгүү жасоо

Асмандан кыштакка көз салуу

Жоопкерчилик менен абалды көзөмөлдөө

Өз командаларына жакындары жан тартып турушту

Оор көнүгүүлөр жасалып жаткан учур

Диспетчер бөлүмүндө бардык учактар көзөмөлдөнүүдө

Тик учак аман-эсен жерге конду

Учкучтар кабинасы. Тик учак кийнки көнүгүүгө даяр