Бишкектеги жаңы конуштагы мектептин аянтынан машина окуучуну тебелеп кетти

© Фото / Nate Steiner / wheel gripАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу мас абалында болгондуктан рулду башкара албай калган. Каза болгон бала үйдүн жалгыз баласы болгон.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Энесай" жаңы конушундагы №21 мектептин короосуна катуу ылдамдыкта келе жаткан машина кирип кетип, бир окуучуну тебелеп кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автомашина 2-класстын окуучусун коюп кеткен. Ал окуя болгон жерде каза болгон.

"Айдоочу мас абалында болгон. Ал балдар ойноп аткан мектептин аянтчасына кирип кеткен", — деп ШИИБден маалымдашты.

Кошуналардын айтымында каза болгон 8 жаштагы бала үй-бүлөнүн жалгыз баласы болгон.

Анын апасы уулун төрөгөндөн кийин ооруп. Бир бөйрөгүн алдырган.

Жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенүүдө. Керектүү экспертизалар дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0